Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
(кезектеги XVII сессия)
2026-жылдын 27-февралы №8
Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ак-Босого айылында жана Раззаков шаарынын Жаңы конуш-2 көчөсүндө балдар ойноочу аянтчаларды куруу” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 7 825 408 сом, а.и. суралуучу сумма 5 000 000сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 2 825 408 сом.
2.“И.Раззаков көчөсүндө асфальтталган жолдун 280метр аралыгын жана тротуарларын
оңдоо” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 9 725 899 сом, суралуучу сумма 5 000 000
сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 4 725 899 сом.
3.“Ж.Исаев көчөсүндө асфальтталган жолду жана тротуарларын оңдоо” Жалпы болжолдуу бюджети 10 311 872 сом, суралуучу сумма 5 000 000 сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 5 311 872сом.
4.“Раззаков шаарынын Колхозная көчөсүндө жана ага туташкан 3 көчөдө (К.Кундузов,
Дружба, Горький) 1297метр аралыктагы жолду оңдоо (асфальт төшөө)” Жалпы болжолдуу
бюджети 9 345 499 сом, суралуучу сумма 5 000 000сом жана жергиликтүү бюджеттен
өздүк салым 4 345 499 сом.
5.“Алтын-Бешик айылында балдар бакчасына баруучу 291метр аралыктагы жолду оңдоо
(асфальт төшөө) жана инфратүзүмүн абаттоо” Жалпы болжолдуу бюджети 6 096 793 сом, суралуучу сумма 5 000 000сом жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салым 1 096 793сом.
Төрага | С.А. Саматов |