Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 8 чакырылышынын 21 сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 19
А.Масалиев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 20-февралындагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянттарын жана мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жерин аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө №17 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айыл аймагындагы муниципалдык жер аянттарын аукционго берүүдө жер аянтынан жолдорго жана жайытка жер аянты ажыратылып, аукционго берилүүчү жер аянтынан кыскартылганына байланыштуу токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 20-февралындагы №17 токтомунун биринчи жана экинчи пунктарына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
• Лесхоз айылынан 51,50 га, Кожо айылынан 36,00 га жалпы 87,50 га жер аянты аукцион аркылуу ижарага берилсин.
• Какыр айылындагы 34,50 га жер аянты да аукцион аркылуу ижарага берилсин.
• Аукционго берүүдө кепилдик төлөмдөрү айдоо сугат жерге 2000 (эки миң)сом, кайрак айдоо жерге 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында:
• Кожо айылынан 9,0 га,
• Какыр айылынан 1,0 га жер аянты бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 0,50 га өлчөмүндө түз келишим аркылуу берүү жагы каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |