Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 8 чакырылышынын 21 сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 21
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Разъезд айылына таза суу тартуу үчүн суу түтүктөрүн орнотууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Разъезд айылына 9 км аралыка таза суу тартуу үчүн суу түтүктөрүн орнотууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп өз мөөнөтүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |