Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 8 чакырылышынын 21 сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 22
А.Масалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы “А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдындагы Исфайрам муниципалдык ишканасынын тазалык тармагына таштанды ташуучу унаа алууга жана таштанды таштоочу жайдын айланасын тосууга өздүк салымга макулдук берүү жөнүндө” №66 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-декабрындагы “А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдындагы Исфайрам муниципалдык ишканасынын тазалык тармагына таштанды ташуучу унаа алууга жана таштанды таштоочу жайдын айланасын тосууга өздүк салымга макулдук берүү жөнүндө” №66 токтомунун биринчи пунктуна төмөкүчө өзгөртүү, толуктоо киргизилсин.
• А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдындагы Исфайрам муниципалдык ишканасынын тазалык тармагына таштанды ташуучу унаа алуу үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу таштанды таштоочу жайдын айланасын тосууга айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |