Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 51/Х-29
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.05.2025-ж. №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 01.08.2025-ж. №03-13/1719 “Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө” кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомунун негизинде 5 пунктусуна ылайык Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу жайыт жерлерин пайдалануу үчүн ижарага берүүнүн тарифи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомунун 5 пунктусуна ылайык 8 пунктчасы боюнча төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) 1-пунктчасы – “Туризм жана эс алуу үчүн” - 1 жылга 1сотук жайыт жерге 500 сомдон бекитилсин;
2) 2-пунктчасы-“Жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш азыктарын жеке пайдалануу максатында чогултуу” боюнча - 1 күнгө 1 кишиге 100 сомдон бекитилсин;
3) 3-пунктчасы- “Дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана аарычылык” боюнча - 1 жылга 1 бал челекке 100 сомдон бекитилсин;
4) 4-пунктчасы-“Маданий, ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу” боюнча - 8 сааттын ичинде 20 кишиге 1000 сомдон бекитилсин;
5) 5-пунктчасы-“Аңчылык кылуу үчүн” - 1 кишиге 1 күнгө 200 сомдон бекитилсин;
6) 6-пунктчасы-“Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын, сүттү чогултуу жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын жана малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу” боюнча - 1 жылга 500 сомдон бекитилсин.”
7) 7-пунктчасы –“Чөп, тоют даярдоо” боюнча - 1 жылга 1 сот. жер тилкесине 20 сомдон бекитилсин;
8) 8-пунктчасы-“Жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу” боюнча - 1 жылга 1 сот. жер тилкесине 500 сомдон бекитилсин”
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |