Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 50/Х-29
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 26/V-29 “Ысык-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-июлундагы №03-13/1488 “Ысык-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамын өзгөртүү жөнүндө” катын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-ноябрындагы №1997 типтүү жобонун негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн:
1) Комиссиянын төрагасы - И.А.Байсабаев - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты;
2) Комиссиянын катчысы - М.Тойкеев - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы;
3) Комиссиянын мүчөсү - Э.Ниязалиев - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты;
4) Комиссиянын мүчөсү - А.А.Аликов - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты;
5) Комиссиянын мүчөсү - Канатбек у. Адилет - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты;
6) Комиссиянын мүчөсү - А.Н.Иманбаев - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты;
7) Комиссиянын мүчөсү - А.Д.Бектуров - Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты;
8) Комиссиянын мүчөсү - М.Кубанычбек теги - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы;
9) Комиссиянын мүчөсү - Ч.К.Султанова - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай, муниципалдык менчик боюнча башкы адиси;
10) Комиссиянын мүчөсү - М.К.Исмайылов - Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай, муниципалдык менчик боюнча адиси;
11) Комиссиянын мүчөсү - К.К.Керимкулов - Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Эмчек, Таш-Башат айылдарынын айыл башчысы;
12) Комиссиянын мүчөсү - Э.Т.Тоялиев - Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Жогорку Ичке-Суу, Норус, Ичке-Суу айылдарынын айыл башчысы;
13) Комиссиянын мүчөсү - Т.К.Алчинбаев - Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Карагай-Булак айылынын айыл башчысы;
14) Комиссиянын мүчөсү - Э.Ш.Шеримбеков - Ысык-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы;
15) Комиссиянын мүчөсү - А.А.Керимбаев- жарандык активист;
2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Н.Ибраимов |