Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/2
“Баетов таза аймак” муниципалдык ишканасындагы жалпы техникалардын калкка кызмат көрсөтүү тарифин 2026-жылга бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, 34-беренесине жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктарына ылайык, регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.“Баетов таза аймак” муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү жалпы техникалардын тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
Тиркеме тиркелет 1 баракта.
2.Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |
Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жыл 15-май №2/2 токтомуна №1 тиркеме
2026-жылга “Баетов таза аймак” муниципалдык ишканасындагы жалпы техникалардын калкка кызмат көрсөтүү тарифи
- Бульдозер саатына юр лицо 4500 сом, физ лицо 3500
- Бетономешалка 1куб юр лицо 1300 сом, физ лицо 1100 сомго чейин
- автовышка саатына 1500 сом
- Трал 1 км физ лицо 250 сом, юр лицо 300 сом.
- Комбайн 1 га 4000 сом
- Эксковатор катлаванды казса 150 -200 сомго чейин , жер казса терендиги 2,5 м ,узундугу 1м -350 сом.
- Эксковатор гусеничный саатына 7000 сом.
- Погрузчик саатына 4000 сом, жуктоо камазга- 1000 сом, хового-1500-2000 сомго чейин
- Хово шагыл ,топо, таштанды тартуу 1 рейске 2000 сом. Райондун аймагынан сырткары чыгып АБЗдан шебен, отцеп ташыса 1рейске 8000-12000 сомго чейин
- Сеялка 1 га 1200сом
- Камаз шагыл ,топо, таштанды ташуу 1 рейске 1500 сом.
- Жатка 1 га 2200 сом
- Жугору чапкыч арендага 1 га 2000 сом
- Жугору сепкич 1 га 1500 сом
- Пресс подборщик 1пресске 16 сом (жип ичинде)
1. Таза сууну курулуш иштерине жана пескоблок, евро забор чыгаргандар пайдаланса айыл тургундарына бир айга 1200 сом, курулуш обьектилерине бир айга 2500 сом.
2. Мончо жаккандарга айына торт орундукка чейин -1000 сом, торт орундан он орунга чейин -2000 сом , он орундан жогору -3000 сом.
3. Унаа жуучу жайга айына – 1200 сом