Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 8 чакырылышынын 21 сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 23
А.Масалиев айыл аймагындагы А.Навои атындагы жалпы билим берүү мектебинин айланасына кичи фудбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы А.Навои атындагы жалпы билим берүү мектебинин айланасына кичи фудбол аянтчасын куруу үчүн долбоордун сметалык баасына жараша айыл өкмөтүнөн өздүк салым катары 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы №57 токтому жокко чыкты деп табылсын.
Төрага |
Т.Галботоев |