Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин 8 чакырылышынын 21 сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 25
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы 150,0 га жер аянтынын башкы планынын бекитип берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 50,0 га жер аянты жана Кожо айылында түштүк –батыш тарабында жайгашкан 100,0 га жер аянты жалпы 150,0 га жер аянтынын башкы планы жактырылып, бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |