Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/3
2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, ошондой эле регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Баетов айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. 2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы бекитилсин.
2. Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы 2026-жылга Баетов айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча бекитилген планды ишке ашырууну камсыз кылсын жана жылдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө маалымат даярдасын.
3. Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |