Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/4
2026-2030-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча 5 (беш) жылдык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жайыттарды рационалдуу пайдалануу, коргоо, абалын жакшыртуу жана жайыт инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Баетов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-2030-жылдарга карата жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча 5 (беш) жылдык планы бекитилсин.
2. Бекитилген планды аткаруу, жайыттарды пайдаланууну уюштуруу, жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, жыл сайын аткарылган иштер боюнча маалымат берүү “Баетов таза аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Жайыттарды башкаруу планын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара иш алып баруу Баетов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |