Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/5
Баетов айыл аймагынын калктуу конушунун ичиндеги муниципалдык жерлерин жана коомдук жайларды ижарага берүү баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-21-24-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, ошондой эле регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Баетов айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Баетов айыл аймагынын калктуу конушунун ичиндеги муниципалдык жерлерин жана коомдук жайларды ижарага берүү баасы төмөнкүдөй бекитилсин.
№ | Аталышы | кв/м | айына |
1 | Өндүрүш багыты | 1 кв/м | 100 сом |
2 | Жашылдандыруу багыты | 1 кв/м | 0,20 тыйын |
3 | Коммерциялык муниципалдык жерлер (парк, коомдук жайлар) | 1 кв/м | 150 сом |
2.Ушул токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |