Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-апрели №144
Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин кайра тактоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 10-апрелиндеги №142 сандуу чыгыш катынын негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин кайра тактоого макулдук берилсин.
2. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин кайрадан тактап берүү жагы Баткен жерге жайгаштыруу экспедиция ишканасынан суралсын.
3. Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго жүктөлсүн.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун
көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик
реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
К. Шакиров |