Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/6
Баетов айыл аймагынын жергиликтүү жаматтын Уставын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Агенттик тарабынан 2026-жылдын 17-мартында № 01-25/78 “Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, ошондой эле регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Баетов айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Баетов айыл аймагынын жергиликтүү жаматынын Уставы бекитилсин.
2.Жергиликтүү жамааттын Уставын ишке ашыруу боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзүү, калк арасында Уставдын жоболорун түшүндүрүү, Уставдын аткарылышын камсыз кылуу Баетов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |