Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/7
Баетов айыл аймагынын айлана чөйрөнү тартипке келтирүү эрежелеринин ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Баетов айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Баетов айыл аймагынын айлана чөйрөнү тартипке келтирүү эрежелеринин ЖОБОсу тиркемеге ылайык бекитилсин.
Тиркеме тиркелет 2 баракта.
2. Ушул жобонун талаптарын аткарууну уюштуруу, айыл аймагындагы санитардык тазалыкты, көрктөндүрүүнү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Баетов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы мекеме-ишканаларга, чарба субъекттерине жана жарандарга ушул жобонун талаптарын сактоо сунушталсын.
4. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |
Баетов айыл аймагынын айлана чөйрөнү тартипке келтирүү эрежелери
Баетов айыл өкмөтү
Баетов айылдык кенештин № 2/7 токтому менен “15” май 2026-жылы бекитилген.
1. Жалпы жоболор
1.1 Ушул Баетов айыл аймагын ирээтке келтирүү эрежелери төмөнкү мыйзамдардын негизинде иштелип чыккан:
• Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
• Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;
• Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамы № 101 (15-июль 2011-ж.);
• Типтүү ирээтке келтирүү эрежелери жана айыл кенештин чечимдери.
1.2. Эрежелердин максаты — айыл аймагында тазалыкты, тартипти жана жашылдандырууну камсыз кылуу боюнча бирдиктүү талаптарды орнотуу.
1.3. Бул эрежелерди айыл аймагында жашаган айыл тургундары, иш алып барган жарандар, юридикалык жактар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө аткарышы керек.
2. Негизги түшүнүктөр
Бул Эрежелерде төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
• Ирээтке келтирүү — аймактарды тазалоо жана кармоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы.
• Үй алды аймагы — турак жайдын айланасындагы, менчик ээсине же ижарачыларына бекитилген жер тилкеси.
• Жалпы пайдалануудагы аймак — жолдор, көчөлөр, тротуарлар, сейил бактар, скверлер, суу объектилери ж.б.
3. Жарандар менен уюмдардын милдеттери
3.1. Жарандар жана юридикалык жактар милдеттүү:
• Бекитилген жана кошуна аймактарды тазалыкта кармоого;
• Өз убагында таштандыларды, карды жана музду тазалоого;
• Дарактарды уруксатсыз кыюуга жол бербөөгө;
• Саркынды суу септиктерин көчө жээгине коюуга жана коңшу жашаган
жарандарга ыңгайсыздык жаратпоого;
• Таштанды чыгаруу боюнча келишимдерди өз учурунда түзүүгө;
• Жол боюна күл, кык, топурак, таш, кумдарды үйбөө;
• Уй кесүүдөн сырткары мал жандыктарын сыртка чыгарбоого;
• Жол жээгиндеги арыктардын ичинндеги жалбырактарды тазалап ирээтке келтирүүгө
• Баетов айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын 23.3 пунктунун негизинде малдарды айылдын ички көчөлөрүнө, сейил бактарга, аянттарга жана эс алуу жайларына бош багууга тыюу салынат. Эгерде мыйзам бузуу эрежелери табылса, мыйзам чегинде айып пул салынат.
Жылдын 15-апрелинен баштап ички көчөдөгү, айдоо аянттагы жана айылдын айланасындагы жайыт жерлерге малдар жайылбасын жана ээн калтырылбасын.
4. Ирээтке келтирүү талаптары
4.1. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
• Таштандыны уруксатсыз жерлерге ыргытууга;
• Ылдам салынбаган таштанды үймөлөрүн түзүүгө;
• Таштандыны айыл аймагында өрттөөгө;
• Көчө жана коомдук жайларды булгоого.
5. Ишти уюштуруу
5.1. Ирээтке келтирүү жана санитардык тазалоо иштери төмөнкү жолдор менен жүргүзүлөт:
• Айыл өкмөтүнүн коммуналдык кызматтары тарабынан;
• Келишимдик негизде подряддык уюмдар аркылуу.
5.2. Иш графиктери айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилет.
6. Контроль жана жоопкерчилик
6.1. Ушул Эрежелердин аткарылышына көзөмөлдү төмөнкүлөр жүргүзөт:
• Муниципалдык ишкана же айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери;
• Ирээтке келтирүү боюнча атайын комиссия.
6.2. Бул Эрежелерди бузгандар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопко тартылат.
7. Жыйынтык жоболор
7.1. Бул Эрежелер айыл кенеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
7.2. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте киргизилет.
Тиркеме: Типтүү айып пулдар таблицасы
№Бузуунун түрү
Кодекстин беренеси
Айып пул (физ. жактар)
Эскертүү:
1. Аймакты булгоо, таштандыларды уруксатсыз жерге ыргытуу
Берене 115
5500 сом
Физ. жактар үчүн
17000