Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН КЕЗЕКСИЗ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 15-майы №2/8
Баетов айылынын борбор аянтынын айрым аймактарына чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык тазалыкты камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында, регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Баетов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баетов айылынын борбордук аянтында (Манас көчөсүндөгү З. Ашырбаева көчөсүнөн Мырзалымбеков көчөсүнө чейинки Дөрбөлжүн аянтына) мектептердин жана бала бакчалардын айланасында, ооруканалардын жана медициналык мекемелердин аймагында, коомдук имараттардын кире беришинде жана аялдамаларда, сейил бактарда, балдар аянтчаларында жана башка коомдук жайларда төмөнкү аракеттерге тыюу салынсын:
o тамеки чегүүгө;
o насвай колдонууга жана түкүрүүгө;
o тамак-аш калдыктары менен айлана-чөйрөнү булгоого;
o таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге ыргытууга;
o тиричилик таштандыларын, жалбырак-чөптөрдү жана башка калдыктарды айыл аймагынын ичинде өрттөөгө.
2. Коомдук жайларга тиешелүү эскертүү жана тыюу салуучу белгилерди орнотуу, санитардык тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, таштанды таштоочу атайын жайларды уюштуруу жана көзөмөлдөө Баетов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагындагы мекеме-ишканаларга, соода түйүндөрүнө жана жарандарга ушул токтомдун талаптарын так сактоо сунушталсын.
4. Ушул токтомдун талаптарын бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүлөрү эскертилсин.
5. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
6. Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысы У. Жээнбекова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |