Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-февралы №1/1
Баш-Кайыңды айыл аймагында 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин 2025-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Баш-Кайыңды айыл аймагында төмөндөгү жумуштарды аткарууга көңүл бурулсун:
- айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга;
- долбоорлор менен иш алып барууга;
- сырттан инвестицияларды тартып келүүгө;
- 2025-жыл ичинде бүтпөй калган жумуштарды аягына чыгаруу;
- каралган акча каражаттарына карата тендерлерди өз убагында өткөрүү;
- айыл аймагында ирригация маселесине өзгөчө көңүл бурууга;
- Өзгөрүш айылындагы Сары-Тал жана Көк-Каптал каналдарын ишке киргизүүгө;
- көчүп-конуу жумуштарын ирээтке келтирүү,корук маселесин колго алуу;
- оруп-жыюу жумуштарына карата комбайндардын ремонтун өз убагында бүткөрүү,дан эгинге калтырылган жер аянттарын коромжусуз жыйнап алууга;
- айыл аймагындагы мусор төгүүчү жайларды ирээтке келтирүүгө;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемди укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |