Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-февралы №1/4
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 21.11.2025-жылдагы 11/6 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы А.Бокоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы
токтом кылат:
1. Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин 21.11.2025-жылдагы 11/6 сандуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |