Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-февралы №1/5
Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Большевик айылынын аталышын “Кара-Тал” айылы деп өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык Баш-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Большевик айылынын аталышын “Кара-Тал” айылы деп өзгөртүүгө жергиликтүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен макулдук берилсин.
2.Тиешелүү Жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бокоев |