Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-февралы №1/7
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл кенешинин 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планы бекитилсин.
2.Бул иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылга
карата түзүлгөн иш планы
№ п/п | Каралуучу маселелер | Өтүү убагы | Даярдоого жооптуулар |
1 | Айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026 -жылга карата иш планын бекитүү
|
1-квартал | Жооптуу катчы
|
2 | Баш-Кайыңды айыл аймагында 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмотүнүн башчысынын отчету | 1-квартал | Туруктуу комиссия А.Жумалиев |
2 | Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин аткарылышы жана 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
|
1-квартал | Туруктуу комиссия, Н.Дайыргазы уулу,
|
3 | Айыл аймагында жазгы айдап-себүү жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү,мамлекеттик фондунун жерлеринин пайдаланылышы,дыйкандардын күйүүчү май,үрөн менен камсыз болуусу,техникалардын даярдыгы,корук маселеси жөнүндө
|
2-квартал | Туруктуу комиссия, Айыл өкмөтүнүн айыл чарба кызматкерлери |
4 | Билим берүү жана медициналык мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө |
2-квартал | Туруктуу комиссия, мекеме жетекчилери |
5 | Айыл аймагында тоют топтоо жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү,комбайндардын ремонту жөнүндө |
3-квартал | Туруктуу комиссия, айыл чарба адистери |
6 | Билим берүү мекемелеринин(мектеп,бала бакча) жаңы окуу жылына карата даярдыгы,ремонт иштеринин жүрүшү жөнүндө
|
3-квартал | Туруктуу комиссия, Н.Дайыргазы уулу |
7 | Айыл аймагындагы мекемелердин кышка карата электр энергия жана көмүр менен камсыз болуусу жөнүндө |
4-квартал | Туруктуу комиссия, айыл өкмөтү |
8 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын,айыл башчылардын 2026-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууруалуу отчету жөнүндө
|
4-квартал | Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылар туруктуу комиссия
|
9 | Муниципалдык ишкананын жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалыматы жөнүндө |
4-квартал | Муниципалдык ишкананын жетекчиси
|
Жооптуу катчы: А.Чукулуков