Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН ЧОГУЛУШУНУН I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-февралы №1/13
Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Большевик айылындагы айылдык китепканага Карымшакова Турганбүбунун атын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө”Мыйзамына ылайык,ошондой эле китепкананы өнүктүрүүдө кошкон салымын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын Кара-Тал айылындагы айылдык китепканага Карымшакова Турганбүбүнүн аты берилсин.
2.Китепкананын аталышы мындан ары “Карымшакова Турганбүбү атындагы айылдык китепкана” деп аталсын.
3. Китепкананын жетекчилигине:
- Китепкананын мөөрүн,штамптарын жана расмий документтерин жаңы аталышка ылайык келтиүү;
- Китепкананын кире беришине тактача орнотуу иштерин уюштуруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |