Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-февралы № 99-т
"2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги "2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган, 2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Россия Федерациясынын техникалык заказчысынын арызынын негизинде төмөнкүлөрдү берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын:
1) биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын долбоорлоого жана курууга тартылган Россия Федерациясынын долбоордук уюмдарына, башкы подрядчыларына жана (же) подрядчыларына (субподрядчыларына) жоопкерчиликтин экинчи деңгээлиндеги объекттердин долбоордук жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө лицензияларды;
2) аталган Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жалпы билим берүү уюмдарын долбоорлоого жана курууга тартылган Россия Федерациясынын адистерине мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды.
2. Ушул тескеменин алкагында берилген лицензиялардын жана мамлекеттик квалификациялык сертификаттардын колдонулушу жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга гана жайылтылат жана ал аяктагандан кийин автоматтык түрдө жокко чыгарылууга тийиш деп белгиленсин.
3. Лицензияларды жана мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт деп аныкталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |