Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 19-февралы № 93-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 261 "Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ жана техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча анын чакан жумушчу тобу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ 3-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аналитикалык жана мыйзам чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун техникалык жана интеграциялык маселелер боюнча чакан жумушчу тобу 4-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ жана чакан жумушчу топ Иш-чаралар планында аныкталган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн.
5. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:
1) айрым багыттарды ишке ашыруу боюнча чакан жумушчу топторду түзүүгө;
2) иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин адистерин тартууга.
6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелер (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө так аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- ар бир айдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине берсин.
7. Бул тескемени ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын, тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдет | Чара/иш-аракет | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа (ишке ашырылды) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1. ӨБСти түзүү жана пилоттук ишке киргизүү | ||||||
1 | Мамлекет менен жарандын өз ара эсептешүүлөр процессин ишке ашыруу | ӨБСти иштеп чыгуу, тестирлөө, жеткире иштеп чыгуу жана пилоттук режимде ишке киргизүү | 2026-жылдын I-III кв. | ӨБС иштелип чыкты жана пилоттук режимде ишке киргизилди | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, СФ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
2. Маалыматтык системаларды ведомстволор аралык интеграциялоо | ||||||
2 | Социалдык төлөмдөр жана жөлөкпулдар | 2.1. Курагы, майыптыгы, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды төлөө боюнча системалар менен ӨБСти интеграциялоо, аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык пенсияларды төлөөдөн тышкары | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), СФ, ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
2.2. Бала төрөлгөндө бир жолку "Балага сүйүнчү" төлөмү боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.3. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.4. Аз камсыз болгондугу, баккан адамынан (баккан адамдарынан) айрылгандыгы, курагы, майыптыгы боюнча ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана башка ай сайын/бир жолку социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.5. Майыптарга жана ардагерлерге жөлөкпул төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.6. Даректүү социалдык жардамды төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.7. Көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам төлөө системасы менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.8. СФ тарабынан төлөнүүчү расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдан тышкары, сөөк коюуга жөлөкпул төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
2.9. Өлгөн адамдын алынбай калган пенсиясын төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
3 | Компенсациялар жана субсидиялар | 3.1. Табигый кырсыктардын, авариялардын жана башкалардын натыйжасында келтирилген зыянга компенсация төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ФМ, облустардагы КРП облустардагы ЫӨА, ЭКМ, ӨКМ, Жер агенттиги, ЭСКММ, "МКУ" ААК (макулдашуу боюнча), "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
3.2. Турак жай субсидияларын төлөө, анын ичинде ижара акысынын бөлүгүн, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана башкаларга төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), кепилдик фонддору (макулдашуу боюнча), "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
3.3. Отун, электр энергиясы, транспорт жана башкалар үчүн субсидияларды төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, ФМ, КМ, КРП облустардагы ЫӨА, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
3.4. Стипендияларды, гранттарды жана билим берүү уюмдарынын башка билим берүү төлөмдөрүн төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ИЖБИМ, кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
3.5. Милдеттерин аткарууда курман болгондордун, анын ичинде аскер кызматчыларынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын үй-бүлөлөрүнө компенсацияларды төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
4 | Мамлекеттик заказдар жана контракттар (жеке ишкерлер) | 4.1. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен келишимдер боюнча төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо (КӨКК, КАКК) | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
4.2. Гранттарды жана мамлекеттик (тармактык) чакан бизнести колдоо программаларын төлөө боюнча система менен ӨБСти интеграциялоо | 2026-жылдын II кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), ФМ, "ИӨФ" ААК (макулдашуу боюнча), ЭКМ, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
5 | Аналитика жана болжолдоо | Натыйжасыздыкты жана кайталоону аныктоо максатында төлөмдөрдүн жана салыктардын паттерндерин талдоо үчүн маалыматтардын моделдерин (дата-сеттерди) колдонуу | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
6 | "Түндүк" ААК менен сервистик интеграциялоо | Жаран тууралуу социалдык маалыматтарды "Түндүк" мобилдик тиркемесине чыгаруу | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча), "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
7 | Санариптик төлөм системалары жана сервистер үчүн бирдиктүү идентификациялоо системасы | Digital payment (Эл) ID (бардык сервистерде жарандарды авторизациялоо, сплит төлөмдөр, КМБ жана социалдык төлөмдөр үчүн колдонуучунун бирдиктүү профили) | 2026-жылдын IV кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК, Кыргызстан банктарынын бирикмеси (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
8 | Жарандар үчүн суперсервистер | Суроо-талап алмашуудан (талап боюнча) окуялык алмашууга (окуя болгон факт боюнча) өтүү, мисалга алсак, пенсияга чыгуу, ар айлык субсидиялар жана башкалар | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча), "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
9 | Маалыматтардын аудити | Социалдык блок боюнча корголгон чөйрөдө бардык ведомстволор аралык транзакцияларды логдоштурууну жүргүзүү | Дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
10 | Иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды даярдоо | 10.1. Стандартташтырылган сактоону камсыз кылуу жана метадайындар | Дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
10.2. Бала төрөлгөндөн баштап "жашоо сценарийлерин" автоматтык түрдө түзүү жана андан ары система өзү бардык керектүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана төлөмдөрдү сунуштайт | 2026-жылдын IV кв., дайыма | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
11 | ӨБСти өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ӨБС жөнүндө тиешелүү жобону бекитүү тууралуу чечимин даярдоо | 2026-жылдын IV кв. | Кыргыз Республика-сынын Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | СӨИТМ, "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
3. Өз ара же шарттуу төлөмдөр | ||||||
12 | Салыктык кайтарымдар | 12.1. Ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу | 2026-жылдын III кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), МСК, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
12.2. Салыктык чегерүүлөр, анын ичинде окутуу, дарылоо, ипотека | 2026-жылдын III кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | "Элдик Банк" ААК (макулдашуу боюнча), МСК, "Түндүк" ААК (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ||
13 | Кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик алымды кайтаруу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан учурда мамлекеттик алымды кайтаруу | 2026-жылдын IV кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | Министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |
14 | Ашыкча төлөнгөн айып пулдарды кайтаруу | Ашыкча төлөнгөн айып пулдарды кайтаруу | 2026-жылдын IV кв. | Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, анын ичинде "Түндүк" ЭВӨСтү ӨБС менен интеграциялоо жүзөгө ашырылды | Министрликтер жана ведомстволор | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында |