Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 1
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын
отчетун угуу жөнүндө
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин берген отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. 2026-жылдан баштап Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетту айылдык кеңештин сессиясында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы жеке өзү берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |