Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 3
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорду бекитүү жана өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине таянып, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 9-февралындагы №1 корутундусун карап чыгып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган “Ат-Башы айыл аймагынын Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун “Чар” участкасынан (372-чакырым) “Эки айрылыш” участкасына чейинки 21 км аралыкты жарыктандыруу үчүн зарыл болгон күн чырактардын жабдууларын алуу” долбоору жактырылып, бекитилсин. Долбоордун жалпы сметалык наркы 22 432 000 (жыйырма эки миллион төрт жүз отуз эки миң) сомду түзөт.
2.Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3.Долбоордук документтерди белгиленген тартипте тиешелүү органга тапшыруу жана коштоо иштери Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан камсыз кылынсын.
4.Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Мелис уулу У. |