Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 4
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2026-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78, 51-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, ошондой эле Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин 2026-жылдын 9-февралындагы чыгыш №02-2/63 сандуу сунушунун жана бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 9-февралындагы №1 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2026-жылдын 1-январына карата жалпы 21 050 900 (жыйырма бир миллион элүү миң тогуз жүз) сом калдык акча каражаты, мунун ичинен атайын каражаттан (бала бакча) 1 278 400 (бир миллион эки жүз жетимиш сегиз миң төрт жүз) сом төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
№ | Сунуштун аталышы | Суммасы (сом) |
1 | “Аттын башы” монументине өздүк салымдан калган акча каражаты | 3 968 362 |
2 | К.Тыналиев бала-бакчасына кошумча имарат сатып алууга | 3 100 000 |
3 | “Аттын башы” монументинин жанындагы үйдү сатып алууга | 3 550 000 |
4 | Таштанды иштетүүчү ишканага трансформатор алууга | 300 000 |
5 | Таштанды иштетүүчү ишканага гранулятор алууга | 1 000 000 |
6 | Ак-Жар айылындагы Жанаалы уулу Абдракман атындагы орто мектебине сигнализация | 150 000 |
7 | Медикамент алууга | 92 200 |
8 | Технадзор кызматына | 726 700 |
9 | Жаңы жылдык балаты майрамы иш-чарага 2025-жылга | 27 500 |
10 | Ит атууга | 145 400 |
11 | Трансформатор, электр линияларын жасатууга проектилерге | 150 000 |
12 | Бала-бакча атайын эсеп | 1 278 400 |
13 | Муниципалитет журналына | 29 700 |
14 | МЧСке инвентарь | 110 150 |
15 | Асбест трубаларды алуу | 286 000 |
16 | Жанаалы уулу Абдракман орто мектебине вентилятор алуу | 202 900 |
17 | Архитектура кызматына | 1 954 300 |
18 | “Ат-Башы Тазалык” МИге | 3 940 888 |
19 | ИП Исаева Р кеңешке стул алууга | 38 400 |
| Жалпы: | 21 050 900 |
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын;
3.Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |