Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 5
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылында жайгашкан З.Боотаева атындагы айылдык китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 14-пунктуна, Ат-Башы айылдык кенешинин билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы №1 протоколуна ылайык Ак-Жар айылындагы З.Боотаева атындагы айылдык китепкананы жоюу же калтыруу боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 6-февралындагы №1 протоколдук чечимине байланыштуу маселени карап чыгып, Ак-Жар айылынын тургундарынын китепкананын жоюлушуна каршы пикирин, китепкананын калк үчүн маанилүүлүгүн, маданий-агартуу ишиндеги ролун жана окурмандар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгын эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Ак-Жар айылындагы З.Боотаева атындагы айылдык китепкана жоюлбасын жана ишмердүүлүгү улантылсын.
2.Китепкананы баштапкы абалына келтирүү жана аны Ак-Жар айылындагы клубдун жарык, жылуу, талапка жооп берген бөлмөсүнө көчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн.
3.Окурмандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү (жарык, жылуулук, эмерек, китеп сактоо шарттары ж.б.) Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
4. Китепкананын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна 6 (алты) айлык мөөнөткө байкоо жүргүзүлсүн жана жыйынтыгы боюнча маалымат айылдык кеңештин кароосуна киргизилсин.
5. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |