Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 7
Ак-Жар айылындагы “Акжар-Сезими” бала бакчасынын эски имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ат-Башы айыл өкмөтү башчысы Р. Докоевдин 2026-жылдын 10-февралындагы чыгыш №02-2/64 сандуу сунушун карап чыгып, бюджет, курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 10-февралындагы №1 протоколунун негизинде, ошондой эле Ак-Жар айылы, Кемел Абдыраев атындагы көчө №8 дарегинде жайгашкан “Акжар-Сезими” бала бакчасынын имаратына жүргүзүлгөн инженердик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан берилген №73 техникалык корутундусунда аталган имарат сейсмикалык жактан кооптуу деп табылып, учурдагы курулуш нормаларына жооп бербейт жана авариялык абалда болуп, мындан ары пайдаланууга жараксыз деп баалангандыгын эске алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар айылындагы “Акжар-Сезими” бала бакчасынын короосуна жаңы 120 орундуу бала бакча куруу максатында аталган бала бакчанын эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Имаратты бузуу иштерин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана коопсуздук чараларын камсыз кылуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 23-январындагы №4-4 “Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Мелис уулу У. |