Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 8
Ача-Кайыңды айылындагы “Социалисттик Эмгектин Баатыры Мамбетакунов Орозакун” атындагы бала бакчасына кошумча корпус курууга өздүк салым бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине таянып, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 9-февралындагы №1 корутундусун карап чыгып, Ача-Кайыңды айылындагы “Социалисттик Эмгектин Баатыры Мамбетакунов Орозакун” атындагы бала бакчасынын директору Ч.Ш.Шейшеналиеванын 2025-жылдын 2-декабрындагы кайрылуусу боюнча бала бакчага электрондук каттоодо турган балдардын саны 78 балага жеткендигин, кошумча корпус куруу зарылдыгын, ошондой эле Ат-Башы айыл өкмөтүнүн №01-4-22/310 буйругунун негизинде 160 чарчы метр жер аянты бөлүнгөндүгүн эске алуу менен, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Ача-Кайыңды айылындагы “Социалисттик Эмгектин Баатыры Мамбетакунов Орозакун” атындагы бала бакчасына кошумча корпус куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ИБР/МФСР/ГПЦО “Smart-Ed” биргелешкен долбоорунун алкагында керектүү документтерди даярдоо жана долбоорго катышуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтү тарабынан долбоорду ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө өздүк салым каралсын.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Мелис уулу У. |