Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-февралы № 9
Ат-Башы айылындагы «№1 Күмөндөр Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесине кошумча тайпа ачууга өздүк салым бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине таянып, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 9-февралындагы №1 корутундусун карап чыгып, Ат-Башы айылындагы “Күмөндөр Тыналиев” атындагы бала бакчасынын директору О.С. Асанбекованын 2025-жылдын 2-декабрындагы №268 кайрылуусу боюнча бала бакчага болгон муктаждыктан улам кошумча тайпа ачуу зарылдыгын эске алуу менен, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. «№1 Күмөндөр Тыналиев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна» кошумча тайпа ачуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИБР) каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан ИБР/МФСР/ГПЦО “Smart-Ed” биргелешкен долбоорунун алкагында керектүү документтерди даярдоо жана долбоорго катышуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
2. Айыл өкмөтү тарабынан долбоорду ишке ашырууга 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө өздүк салым каралсын.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Мелис уулу У. |