Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын
кезексиз XIII -сессиясынын
2025-жылдын 1-октябрындагы №2
Базар-Коргон шаарынын К.Култаев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги 3-02-03-0005-1250 сыр белгиси менен катталган курулуш куруу багытындагы 10984,40 чарчы метр жер аянтын, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун жана 19-беренесин жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин 24.09.2025-жылкы чыгыш №01-28/2835 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын К.Култаев көчөсүндө жайгашкан шаардык мэриянын муниципалдык менчигиндеги 3-02-03-0005-1250 сыр белгиси менен катталган курулуш куруу багытындагы 10984,40 чарчы метр жер аянтын, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К.Анарбеков
|