Редакцияот 22.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 2026-жылдын 22-апрели № 437-VIII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбеков Айбек Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. "Ишеним" депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чойбеков Бактыбек Каныбекович Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

а) 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Алтынбеков Айбек - "Ынтымак - Мекенчил" депутаттык тобунан;";

б) 5-пунктчада:

- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:

"Чойбеков Бактыбек Каныбекович - "Ишеним" депутаттык тобунан;".

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

М.Маматалиев