Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын
кезексиз XIII -сессиясынын
2025-жылдын 1-октябры №3
Базар-Коргон шаарынын аймагындагы бош жана кароосуз жаткан жер
аянтарды мэриянын муниципалдык менчик реестрине киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун, 45-беренесинин 1-пунктун, аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 07.08.2025-жылдын чыгыш №01-4/328 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын аймагындагы бош жана кароосуз жаткан жер тилкелерин жана аянттарын мэриянын муниципалдык менчик реестрине тиркемеге ылайык киргизилсин. Тиркеме №1 тиркелет.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Юсуповго милдеттендирилсин.
Төрага
К.К.Анарбеков |