Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 4
“Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планын бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары Н.Ж.Ашимовдун 10.07.2025жылкы №10-4/67 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2030-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|