Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-сентябрындагы № 5/1
Казыбек айыл аймагында медресе жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айылындагы “Ынтымак”мечитинин жалпы жамаатынын кайрылуусуна ылайык, мечиттин жанында жайгашкан медресенин көк китебин алууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Казыбек айыл айылынын имамы Т.Тентиевге жана Казыбек айыл өкмөтүнүн кызматкери Садырбек уулу Мирланга жүктөлсүн.
3.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |