КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 14-майы № 166
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:
− 7-пунктта:
биринчи абзацта «11» деген цифралар «12» деген цифраларга алмаштырылсын;
жетинчи абзацта «1» деген цифра «2» деген цифрага алмаштырылсын;
− 15-пунктта:
биринчи абзацта «68» деген цифралар «70» деген цифраларга алмаштырылсын;
он биринчи абзацта «39» деген цифралар «41» деген цифраларга алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацта «11» деген цифралар «13» деген цифраларга алмаштырылсын;
он алтынчы абзацта «8» деген цифра «10» деген цифраларга алмаштырылсын;
−.«Жыйынтыгы» позициясында «271» деген цифралар «274» деген цифраларга алмаштырылсын.