Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 5
““Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,65-беренелерин аткарууга алып, 04.09.2025-жылкы чыгыш №10-4/2567 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II–чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасы 17 (он жети) штат бирдиги менен иш жүргүзүп келген. Бүгүнкү күндө “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасы өзүнчө бөлүнүп иш алып барып жаткандыгына байланыштуу кошумча 1 (бир) иш-кагаздарын жүргүзүүчү адис, жалпысы болуп 18 (он сегиз) штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|