Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
кезексиз XIV-сессиясынын
2025-жылдын 14-октябры №1
IV Элдик Курултайга Базар-Коргон шаарынан делегаттарды шайлоо жөнүндө
“IV Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгына, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин 03.10.2025-жылкы чыгыш №01-28/2956 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгынын негизинде IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планынын тийиштүү пунктары боюнча колдоого алынсын.
2. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча графиги жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо жагы Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткаруу жана уюштуруу иштерин алып баруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.
Төрага
К.К.Анарбеков
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Базар-Коргон шаарына бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын же курултайын өткөрүү боюнча графиги жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси
|