Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-сентябры № 5/2
Казыбек айыл аймагында милициянын
аймактык пункту жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн башкы милициянын полковниги Ж.Сейдиновдун сунушу канааттандырылсын.
2.Казыбек айылында милициянын аймактык пунктун (МАП) имаратын куруу үчүн 0,10 га жер тилкеси “Бусурманкул” паркынын ичинен бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жер тилкесин бөлдүрүп аныктап бөлдүрүп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |