Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-сентябры № 5/3
Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык
ишканасы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагынын Казыбек-Кара-Коюн муниципалдык ишканасынын Уставына өзгөртүү киргизилсин, кайра иштеп чыгуу жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго милдеттендирилсин.
2.Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине ,жетекчисине тиешелүү чараларды көрүп, кийинки сессияга жыйынтык менен келсин.
3.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |