Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 6
“Базар-Коргон шаарына караштуу М.Сулайманов көчөсүндөгү 1969,7 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон райондук прокуратурасынын талабынын негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясынын атына мамлекеттик акты алынгандыгына байланыштуу муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,34-,45-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жетекчиси А.Юсупжановдун 05.08.2025-жылдын чыгыш №01-4/325 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу М.Сулайманов көчөсүндөгү идентификациялык номери 3-02-03-0002-1159 сандуу сыр белгиси менен катталган 1969,7 чарчы метр жер тилкесин Базар-Коргон райондук прокуратурасынын талабынын негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясынын атына мамлекеттик акты алынгандыгына байланыштуу муниципалдык менчик реестрине кабыл алууга макулдук берилсин. Тиркеме №1 тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|