Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-сентябры № 5/4
Казыбек айыл аймагында убактылуу
комиссия түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагында тендерден өтүп,ишке ашып жаткан ар бир айылдагы курулуш иштеринин жүрүшү боюнча көзөмөл жүргүзүүгө катышууга ар бир айылдын депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана айыл башчыларынан убактылуу комиссия курамы түзүлсүн;
Казыбек айылы боюнча:
1.М.Шаршенов-айыл башчы
2.Т. Дүйшөналиев-депутат мыйзамдуулук боюнчакомитеттин төрагасы
3.З.Төлөгөнов-депутат,айыл чарбасы боюнча комиссиянын мүчөсү
4. Ж.Мундушов-депутат,айыл чарба тармагынын төрагасы
5.З. Мамбетмусаева- депутат,бюджеттик комиссиянын төрайымы
6.Ж.Айып уулу-депутат,айыл чарба комитетитин мүчөсү
7.Ш.Каныбеков-депутат,мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү
8.К.Капарбеков-Жер адиси
9.Б.Мамытов-Казыбек айыл өкмөтүнүн орун басар-катчысы
Кызыл-Туу айылы боюнча:
1.Ф.Токушева-депутат,кеңештин төрагасынын орун басары
2.Ж.Имаков-депутат,айыл чарба комитетинин мүчөсү
3.М.Эсенгулов-депутат,социалдык маселелер боюнча комитеттин мүчөсү
4.Г.Керималиева-депутат,мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү
5.Т.Исаков-Казыбек айыл өкмөтүнүн экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы
6.М.Садырбек уулу- - социалдык обьектилер боюнча адис
7.М.Айдаралиев-турак жай боюнча адиси
8.С.Өмүракунов- депутат,айыл чарба комитетинин мүчөсү
Кара-Булуң айылы боюнча:
1.К.Мамбетов-айыл башчы
2. А.Айыпов-депутат,айыл чарба боюнча комитеттин мүчөсү
3.К.Алтыбаев-депутат,айыл чарба боюнча комитеттин мүчөсү
4.А.Абдалиева- депутат,бюджеттик комитеттин мүчөсү
5.А.Ажыгулов- аскер учет бөлүмүнүн башчысы
6.М.Садырбек уулу- - социалдык обьектилер боюнча адис
Жаңы-Күч айылы боюнча
1.А.Мусаев-айыл башчы
2.А.Орозмамбетов-депутат,бюджет боюнча комитеттин мүчөсү
3.С.Исмайылова-депутат,мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү
4.К.Капарбеков-Жер адиси
2.Түзүлгөн убактылуу комиссия ар бир жуманын ичинде жеринде барып көрүп аткарылып жаткан иштерге тендердик сметасына ылайык баалоо жүргүзүшсүн.
3. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |