Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-сентябры № 5/5
Казыбек айыл аймагында убактылуу
комиссия түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айылынын тургуну,депутат З.Төлөгөнов менен муниципалдык ишкананын жетекчиси Н.Кубатакун уулу экөөнүн ортосундагы айыл өкмөтүнүн бюджетинен которулган акча каражатынын каяка жумшалгандыгына көзөмөл жүргүзүүгө айылдын депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен жана айыл башчысы менен биргеликте убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн;
1.М.Шаршенов-айыл башчы
2.Т. Дүйшөналиев-мыйзамдуулук боюнча тармактык комитеттин төрагасы
3.З.Төлөгөнов-депутат,айыл чарбасы боюнча комитеттин мүчөсү
4. Ж.Мундушов-депутат,айыл чарба боюнча комитеттин төрагасы
5.З. Мамбетмусаева- депутат,бюджеттик комитеттин төрайымы
6.Ж.Айып уулу-депутат,айыл чарба комитетитин мүчөсү
7.Ш.Каныбеков-депутат,мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү
8.К.Капарбеков-Жер адиси
9.Б.Мамытов-Казыбек айыл өкмөтүнүн орун басар-катчысы
2.Түзүлгөн убактылуу комиссия бир жуманын ичинде жеринде барып көрүп аталган суммага ылайык материалдардын бардыгын такташсын.
3. Алынган материалдардын максаттуу “Кеңеш-Айрык” жана “Шырыкты”каналына көпүрө салууга жайыт боюнча муниципалдык ишкананын кызматкерине милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |