Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясы
2026-жылдын 3-апрели № 24
“Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна "Надир-Западный"кенинин "Линза-12" участогунда темир кенин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, “Южно-Кыргызский цемент” ЖАКнун өкүлүнүн баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине , “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 40-беренелерин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
“Южно-Кыргызский цемент” ЖАК тарабынан пайдаланылган 7,8 га жер аянтын рекультивациялоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №517 “Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун Жобосунун талаптары толук аткарылбагандыктан, рекультивация жүргүзүү боюнча долбооруна ылайык 2(эки) айлык мөөнөттүн ичинде жерлерди калыбына келтирүү(рекультивация) иштерин толук бүткөрүү жагы “Южно-Кыргызский цемент” ЖАКна милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | А.Бактыбаев |