Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз
XIV-сессиясынын
2025-жылдын 14-октябрындагы №2
Базар-Коргон шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо боюнча тиркемесин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевдин 08.10.2025-жылкы чыгыш №01-28/3008 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо тиркемеге ылайык аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.Тиркеме №1
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Нарматовго жөнөтөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Аскар кызы Жанаргүлгө милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К.Анарбеков
|