Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
ХV-сессиясынын
2025-жылдын 17-декабрындагы №1
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 9 айына бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 117-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 05.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3795 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9 айлык маалыматы кечиктирилип жана толук кандуу маалыматы угулбады.
2. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын бюджетине 2025-жылга карата берилген пландан ашыкча акча каражаты киреше бөлүгүнө түшкөндүгүнө байланыштуу 4000,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) “Базар-Коргон жылуулук” муниципалдык ишканасына 350,0 миң сом.
б) Базар-Коргон шаарына караштуу №11 М.Алыкулов мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн 200,0 миң сом.
в) Трансформатор, электр мамыча, чубалгы үчүн 2000,0 миң сом.
г) Базар-Коргон шаарынын мэриясынын II-жарым жылдыгында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы үчүн 1450,0 миң сом.
д) жалпысы болуп 4000,0 миң сом акча каражатын жогоруда көрсөтүлгөн чыгаша бөлүгүнө отургузуу боюнча сунушу жана жаңы ачылган бала бакчага кошумча тайпаларга 3950,0 миң сом акча каражатын планга кошуп бекитилсин.
е) Үнөмдөлгөн акча каражаттарын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын электр энергиядан болгон карызы үчүн төлөнсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К.Анарбеков
|