Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры № 6/2
Скважинага насос салып суу чыгаруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булуң айылынын айыл башчысы К.Мамбетовдун кайрылуусу канаатандырылсын,Кара-Булуң айылынын күн батыш тарабындагы № 1606 контуруна трансформатор орнотуп, союз кезинде сугат суу үчүн чыгарылган скважинага кайрадан насос салып, сугат сууга пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Булуң айылынын айыл башчысы К.Мамбетовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын коөзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |