Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
ХV-сессиясынын
2025-жылдын 17-декабрындагы №2
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине 2025-жылдын 9 айына карата өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесин, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 05.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3795 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчисинин берген билдирүүсүнүн негизинде 2025-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун
а) 70443-разделдин 3111-статьясына +2900,0 миң сомго
б) 70443-разделдин 2215-статьясына +350,0 миң сомго
в) 70629-разделдин 3111-статьясына +750,0 миң сомго
Жалпысы болуп +4000,0 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтерине отургузулсун.
Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу жаңы ачылган бала бакчага кошумча тайпаларга 3950,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн атайын каражаттар эсебине төмөндөгүдөй отургузулсун
а) 70911-разделдин 14232400-статьясына +3950,0 миң сомго
б) 70911-разделдин 2218-статьясына +3950,0 миң сомго
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К.Анарбеков
|