Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIII сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 18-марты №23/98
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 19-августундагы №13/50 “Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүнүн №117 дарегинде жайгашкан жер тилкесин жана имаратын алмашуу жолу менен муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Т.Кулатов көчөсүндө жайгашкан 3000,0 чарчы метр жер тилкесин КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча сунуш берилип, Кызыл-Кыя шаардык кеңеши тарабынан 2025-жылдын 19-августундагы №13/50 токтому кабыл алынган.
Бирок, бүгүнкү күнгө чейин КР УКМКнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндөгү КР УКМКнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнүн мурдагы имараты Кызыл- Кыя шаарынын муниципалдык балансына өткөрүп берилген жок.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык балансына өткөрүп берүү жумуштары кечиктирилгенине байланыштуу, Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКсынын (ГИК) балансына өткөрүп берүү жумуштары кечиктирилүүдө.
Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 45-беренесине ылайык 2025-жылдын 25-августундагы “Муниципалдык менчиктеги жер тилкени КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” №125 токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө жаңы токтому кабыл алынган.
Жогорудагыларга жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-мартындагы №19 протоколун, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 05-мартындагы № 01-10/898 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
Төрага: |
А.Мурзаев |