Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
5-сессиясы
2025-жылдын 24-апрели № 24/V-29
2024-жылдагы Кант шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүсүнүн жыйынтыгы жана 2025-жылга карата Кант шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, «Кант шаарынын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2025-жылга карата Кант шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө» Кант шаарынын мэриясынын маалыматын угуп жана талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кант шаарынын мэриясынын «Кант шаарынын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө» маалыматы №1-тиркемеге ылайык эске алынсын.
2.Кант шаарынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Кант шаарынын мэриясы:
-салык базасын мүмкүн болушунча кеңейтип, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун
-жаңы булактарын дайыма издештирсин;
-бюджеттик каражаттардын, өзгөчө анын корголгон беренелеринин максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
-жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону камсыз кылсын;
-Кант шаарында коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
-кварталдык комитеттердин төрагалары менен бирдикте Кант шаарынын аймагын ирригациялык тармактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча иштерди уюштурсун;
-аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жарандарды социалдык жактан колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча ишти жакшыртсын;
-үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун жогорулатуу жана аларды жакырчылыктан чыгаруу программасын ишке ашыруу максатында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
-калкты массалык дене тарбиясына жана спортко тартуу, ошондой эле сергек жашоо образын пропагандалоо боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатсын;
4.Маданий потенциалды өнүктүрүүгө жана сактоого, өсүп келе жаткан муундарды адептүүлүк-мекенчилдикке тарбиялоого, балдарды жана жаштарды көркөм чыгармачылык ийримдерине тартууга багытталган иш-чараларды өткөрсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.К. Коджакматов) жүктөлсүн.
Кеңешинин-төрагасы |
| М.Бейшебаев |
|
| Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 24/V-29 токтомуна тиркеме № 1 |
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемелер № 1, № 2)